Байден өз жанын кыюуга ниеттенгенин моюнуна алды

АКШнын президенти Жо Байден биринчи аялы жана 13 айлык кызы жол кырсыгынан каза болгондон кийин өз жанын кыюуга ниеттенгенин моюнуна алды. Бул тууралуу ал америкалык SiriusXM радиосуна берген маегинде билдирди.

Президенттин биринчи аялы Нелия жана бир жаштагы кызы Наоми 1972-жылы 18-декабрда Делавэрде жол кырсыгынан каза болушкан.

Байден ошол учурдагы өзүнүн сезимдери тууралуу айтып жатып, өз жанын кыюу үчүн жинди болуунун кажети жок экенин белгилеген.

"Бир убакта мен Делавэр мемориалдык көпүрөсүнө барып, секирип кетем деп ойлогом. Бирок менин эки балам бар болчу", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан