Кечээ, 28-апрелде Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Канжыга айылындагы Калмак-Кырчын–Канжыга ички чарбалык автоунаа жолуна жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, сүрүлгөн жер көчкү жылып отуруп Балыкчы–Жалал-Абад альтернативдик жолунун 364-чакырымына саат 20:30дар чамасында жеткен, аталган автоунаа жолу саат 01:00дө убактылуу жабылып, нөмөөт уюштурулган.
Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргоо кызматтары жеринде тиешелүү жумуштарын аткарышууда.
"Болжол менен жалпы көчкүнүн көлөмү 150 миң метр куб, ал анын ичинен Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик жолуна сүрүлүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1200 метр кубду түзүүдө.
Аталган жолдогу кооптуулукту жоюуга "Чайна Роуд" иш канасынын 6 инженердик оор техника тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө",-деп айтылат