"Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол менен өлкөнүн желеги төрт айга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата 31-августка чейин "Ала-Тоо" аянтында масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле муниципалитет Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата флагштоктун бийиктигин 100 метрге жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.