"Жаан жаайт". 30-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус.

Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 градус жылуу болору болжолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан