21-декабрда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -3°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -6°C
Эскертүү! 21-23-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90 км, 145-150 км), Каракол-Эңилчек (45-90 км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100 км) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.