Өлкөдө эки банк киреше алуучу деңгээлге чыга албай калганы айтылды

Былтыр Кыргызстандагы эки банк киреше алуучу деңгээлге чыга албай калды, учурда алардын бирөө иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.
Маалыматтарга караганда, өлкөдө жалпысынан 23 банк иш жүргүзүүдө. Алардын 22синин жалпы кирешеси 2023-жылы 26 миллиард 328 миллион сомго жеткен. Учурда иштеп жаткан бир банк былтыр 22,6 миллион долларга артка кеткен (аталышы айтылган эмес).
"Мындан тышкары, төрт банктын лицензиясы артка кайтарылып же жок кылуу стадиясында турат. Алардын үчөө киреше тапса, бирөө жоготууга учураган", - деп айтылат билдирүүдө.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкөдөгү банктар былтыр 24 миллиард 237 миллион сом таза киреше тапкан. Айырма эсептөө түрдүү системалар аркылуу жүргүзүлгөнүнө байланыштуу болору айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан