Бир катар илимпоздорго Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды (сүрөт)

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Улуттук илимдер академиясынын илимпоздоруна, парламенттин мурунку депутаттарына, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, ар түрдүү тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалдарын тапшырды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Нурланбек Азыгалиев куттуктоо сөзүндө парламентаризмди жана мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Экс-депутат, мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку төрагасы Каныбек Осмоналиев эне тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми 85 жылдык юбилейлик медалдар менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) вице-президенти Чолпонкул Арабаев, УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, УИАнын илимий кызматкерлери - Токон Мамытов, Сулайман Кайыпов, Айнуру Алтыбаева, Турдукан Жумабекова, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү Кудайберген Базарбаев, Айнура Аскарова жана башкалар сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан