Жумуш орундары түзүлөт. Нарында унаа чогултуучу завод ачылат

Нарын облусунда унаа чогултуучу завод ачылат. Бул тууралуу маалыматты Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, курулуш аяктагандан кийин бензин, электр жана газ менен жүргөн унаалардын ар кандай түрлөрү чыгарылат.

"Заводду ишке киргизүү алдында “Джиабо” компаниясы, “Кыргыз почтасы” ААКсы жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында “Джиабо” компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытайлык инвесторлор завод куруу үчүн жер тилкелерин карап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундар үчүн 100дөн 1000ге чейин жумуш орундары түзүлөрү маалымдалды.

Белгилей кетсек, заводду ачуу “Кыргыз почтасы” ААКсы, “Нарын” эркин экономикалык аймагы жана “Кашкар” эркин экономикалык аймагынын кызматташуусу менен түзүлгөн “Эки өлкө, эки аймак” демилгесинин алкагында ишке ашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан