Көпчүлүк аймакта жаан жаайт. 1-майга карата аба ырайы

Эртең, 1-майда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Бийик тоолуу унаа жолдордо кар жаап, тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан