19 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрелде борбор калаа аймагынан эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран кармалган.
"Ал Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүүгө жана каракчылыкка шектелип 2005-жылдан бери издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.