Азыктар арзан баада сатылат. Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн, 30-апрелде “Жаз-2024” жарманке-көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жарманке 2-майга чейин уланат. Анда эт, балык, сүт, май, жашылча жемиштер, кум шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.

"Жарманкеге өндүрүүчүлөрдүн продукциялары коюлат. Демек, товарлардын баары дүң баада болот", - дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, жарманке Разаков көчөсүндө (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан