Кара-Сууда 3 жаран сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүүлөр кармалды

Кара-Сууда адам ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Ош ОИИББинен билдирди.
12-апрелде милицияга 1990-жылы туулган И.Б., 1995-жылы туулган А.у.Б. жана 1996-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар денелеринен жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Жабырлануучулар Кара-Суу шаарындагы парктардын бирин оңдоп жаткан учурда бир топ белгисиз балдар аларды ур-токмокко алганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү), 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары Кара-Суу районунун 2004-жылы туулган К.С., 2005-жылы туулган К.Ф., 2001-жылы туулган М.И., 2006-жылы туулган Ж.М. аттуу тургундары камакка алынды.
Учурда окуяга тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан