Коңшу Казакстандын мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдады.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура 2022-жылдын январь окуясына байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.
"29-апрелде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен экс-ички иштер министри Тургумбаев Е.З. кармалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Коңшу өлкөнүн прокуратурасы кылмыш ишинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар камтылгандыктан, сотко чейинки тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылууга жатпай турганын кошумчалады.
Ерлан Тургумбаев 2019-жылдан 2022-жылга чейин Казакстандын Ички иштер министри болгон. Ал ошондой эле милициянын генерал-лейтенанты.