Жалал-Абадда балмуздак саткан жаран баӊгизат сатууга шектелип кармалды

Жалал-Абад шаарындагы эс алуу парктарынын биринде баӊгизат саткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагында Б. аттуу жаран баӊгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, даярдап жана сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баӊгизатты мыйзамсыз сактоо жана аны жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында, Сузак районунун 36 жаштагы тургуну К.Б. электрондук капчык аркылуу кардардан баӊгизаты үчүн акча котортуп, андан соӊ өзү иштеп жаткан эс алуу парктарынын бириндеги балмуздак сатуучу жайда баӊгизатты даярдап жана сатып жүргөндүгү такталып, шектүү кылмыш үстүндө кармалган.

Ошондой эле анын балмуздак сатуучу жайына тинтүү жүргүзүлүп, муздаткычтардын биринен өзгөчө кескин жыты бар кара күрөң түстөгү гашиш баӊгизатына окшогон зат жана баӊгизатын колдонуу үчүн атайын жасалган желим идиштер табылып, далил-буюм катарында алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү катары кармалган Сузак районунун 1988-жылы туулган тургуну К.Б.нын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, эки айга камакка алынган.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан