Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү. Бул боюнча шаардык мэрия маалымат берди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев, JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү, ишкерлер, окуу жайлардын студенттери катышышты.
Жарманкеде 40тан ашуун ар багытта иш алып барган алдыңкы компаниялар тарабынан 500дөн ашуун бош жумуш орундары сунушталганы маалымдалды.