Чоң-Алай районунда да мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 30-апрелде Оштун Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов катышты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, буга удаа жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземи да болду.

"Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

Маалымат үчүн: Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан