Чүйдө жол инспекторлору бейтапты ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, окуя кечээ, 29-апрель түндө болгон.
Жол инспекторлору Чүй облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында “Рулда” аттуу рейддик иш-чарасы өтүп жаткан учурда Ауди үлгүсүндөгү унааны тозушкан. Анда айдоочу ичине жүргүнчү катары бара жаткан айымдын ден соолугу начарлаганын билдирген. Кызматкерлер бейтапты Республикалык оорукананын хирургия бөлүмүнө коштоо менен жеткиришкен.