Илон Маск Кытайга баргандан кийин байлыгы 40 миллиард долларга өстү

Америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы акыркы беш күндө 40 миллиард долларга өскөнүн Bloomberg индекси билдирди. Бул 2022-жылдын март айынан бери анын кирешесинин эң чоң жумалык өсүшү.

Tesla акциялары кытайлык Baidu компаниясы менен потенциалдуу кызматташуу тууралуу кабардан улам кымбаттады. Эске сала кетсек, миллиардер күтүүсүздөн Кытайга барган. Кытайдын жогорку кызмат адамдары менен жолугуп, жаңы долбоорлорду, анын ичинде кытай рыногуна автономдуу унаалар үчүн программалык камсыздоону алып келүүнү, ошондой эле маалыматтарды чет өлкөгө өткөрүүгө уруксат берүүнү талкуулаган.

29-апрелде гана Масктын байлыгы Bloomberg рейтинги боюнча 18 миллиард 500 миллион долларга өсүп, жалпы байлыгы 201 миллиард 500 миллион долларды түздү. Ошол эле күнү Tesla'нын акциялары 17,76 пайызга кымбаттады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан