Бишкектин чок ортосунда бир адам бычакталган. Милиция шектүүнү кармады

Бишкекте "Денеге оор залал келтирүү" беренеси боюнча шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-февралда милицияга Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинен белгисиз адам менен уруша кеткенин айткан. Оозеки уруш күчөп кетип, шектүү бычак менен жабырлануучунун денесине оор залал келтирип, качып кеткен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан