Таласта селдин кесепеттерин жоюу, алдын алуу иштери көзөмөлгө алынды

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Талас облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, ал ӨКМдин Талас башкармалыгынын өкүлдөрү менен апрель айындагы жаанчыл күндөрү сел каптаган Талас районунун Көк-Кашат, Ак-Жар айылдарынын абалы менен таанышты.

Ага ылайык, Эделбек Кулматов сел агымынан жабыркаган айылдардын тазалоо иштерин көрүп чыкты. Ал сел кесепеттерин аныктоо, каналдарды тазалоо, калыбына келтирүү иштерин көрүп, сунуштарды берүү, тапшырмаларды аткаруу талабын койду.

"Ошондой эле ал Манастын Үч-Коргон айылындагы Талас дарыясынын сол жээгин бекемдөө, жээктердин эрозиясынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иши боюнча тиешелүү тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан