Бишкекте интим кызматын көрсөтүп келген сауна аныкталды (видео)

Бишкекте интим кызматын көрсөтүп келген сауна аныкталды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-майда милиция кызматкерлери тарабынан "Притон-Бабочка" аталышындагы профилактикалык иш-чаралар жүрүгүзүлүп, анын алкагында Осмонкул көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринен интим кызматын көрсөтүүчү жай аныкталган. Аталган жайдын администратору социалдык жоопкерчилиги чектелген кыздарга интимдик кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп бергени белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1987-жылы туулган Д.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
02.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан