Сокулукта кеңседеги сейфтен 2 миллион сом уурдап кеткендер Оштон кармалды

Чүйдө ири суммадагы акча уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде Сокулук РИИБине М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Сокулук районунун Фрунзе айылындагы "Б-Д" Агро-маркетинин кеңсенине кирип, 2 миллион сомдон ашык акча бар темир сейфти уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Э.Ж. жана 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар аныкталып, алар Ош шаарынын аймагында кармалышкан.

Тергөөдө шектүүлөр ошол күнү Шевроле Спарк унаасы менен жүрүшкөнү, кылмыш кылгандан кийин Ош шаарына качып кетишкени аныкталган.

30-апрелде шектүүлөр Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаа айып короого токтотулган.

Мындан тышкары шектүүлөрдүн бири Б.А. аттуу жаран 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1 миллион 500 миң сом акча каражатын уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөн. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда тургандыгы аныкталган.

Учурда бул жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан