Акылбек Жапаров Ташкентке жетти. Аны Абдулла Арипов тосуп алды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Ага ылайык, жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы менен Өзбекстандын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат.

"Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан