Куандык Бишимбаевдин соту: Соттук териштирүү аяктап, жарыш сөз башталды

Бүгүн, 2-майда коңшу Казакстандын Астана шаарында экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Отурумда соттук териштирүү аяктап, тараптардын жарыш сөзү башталганын сот жарыялады.

Алгач айыптоочу тарап, андан кийин жабырлануучу жана анын өкүлдөрү, алардан кийин Бишимбаев менен Байжановдун жактоочулары, андан соң соттолуучулар өздөрү сөз сүйлөйт.

Эскерте кетсек, 31 жаштагы Салтанат Нукенованын жансыз денеси 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Аны сабап өлтүрүүгө шектелип күйөөсү, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (кыйноо), 99-беренеси (өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылды.

Бишимбаев 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан