Кадамжайдын Ак-Өргөө айылында кулпунай бышып, сатыла баштады (видео)

Кадамжайдын эң жылуу айылында кулпунай бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу Азамат Абсаттаров жазып чыкты.

Анын айтымында, 20-апрелден баштап Кадамжай районунун эң ысык Исхак-Полот хан айыл аймагынын Ак-Өргөө айылында кулпунай бышып, сатыкка чыга баштады.

"Учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Айыл тургуну Абдирасил Сайитов өзүнүн короосуна Германия, Италиядан алынып келинген сортторун өстүргөн. Кулпунайлар тамчылатып сугаруу системасы менен сугарылат", - деп жазган Абсаттаров.

Мындан тышкары ал айылдык кеңештин депутаты Абдирасил Сайитовдун короосу өзүнчө мөмө-жемиштердин бакчасына айланганын кошумчалады.

Кадамжайда кулпунай бышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан