Прокурор Бишимбаев кандай ката кетиргенин айтып берди

Бүгүн, 2-майда Астанада экс-министр Куандык Бишимбаевдин кезектеги соттук отуруму өтүүдө.

Анда талкууда сөз сүйлөгөн Бишимбаевдин иши боюнча мамлекеттик айыптоочу Айжан Аймаганова айыпталуучу Куандык Бишимбаев кандай ката кетиргенин айтып берди.

Прокурор Айжан Аймаганова Нукенованын өлүмү мындай чоң кишинин муштум менен эмес, алакан менен уруган соккусунан да болушу мүмкүн экенин, маркум алган жаракаттарынан кийин кыйналып жатып каза болгонун баса белгиледи.

"Буга чейинки бүт сот отурумдарында биз Бишимбаевдин өзүн актоонун жолун издеп ар кандай окуяларды ойлоп тапканын, ыңгайсыз суроолордон чеберчилик менен качууга аракет кылганын көрүп-угуп отурдук. Бирок ал күнөөм жок деп актанганы чөнтөк телефонунан Салтанаттын азап чегип жаткан учурлары тартылган видеотасма табылганда заматта жокко чыкты. Уюлдук телефондун сыр сөзүн берип жатып, ал бул видеолор бар экенин унутуп калган. Эмне үчүн? Анткени Бишимбаев муну ар дайым жасап келген", - деген прокурор.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, айыпталуучунун өзү бул видеолор телефондо бар экенин билгенде таң калган. Прокурор белгилегендей, видеодо Бишимбаев Салтанатты эки саат бою сабап, кыйнап жатканын көрүүгө болот. Анда Бишимбаев маркумду бетинен жана чачынан тартып, башы менен дубалга сүздүрүп, тепкилеген.

Муну далилдөө үчүн ал соттогуларга видеодон алынган скриншотторду көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан