Кыргызстандык ырчылар Калысбек Айтбаев менен Каныбек Закиров Казакстандагы суу каптоого байланыштуу кошуна өлкөнүн калкына арнап ыр чыгарышкан. Алар чыгармасын Инстаграм баракчасында бөлүшүп, казак элине өз колдоолорун билдирип өтүшкөн.
"Боордошторубуз 80 жылдык тарыхта болбогон оор сыноону башынан өткөрүп жатат. 10 облусу суунун астында калды. Жаратканыбыз ырайымын салсын", - деп жазган Калысбек Айтбаев.
Ыр Казакстандын бир нече телеканалдарында көрсөтүлгөн. Ошондой эле ырчы мырзалар Казакстандын QAZAQSTAN телеканалына аталган чыгармасы тууралуу маек беришкен.
"Казак элинде ушундай апаат болуп турганда, маданият тармагынан дагы колдоо болсун деп Кыргыз элинин атынан ушундай ыр жазууну туура көрдүк", - деген алар.