Студенттер жана окуучулар арасында сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы жаштардын салык сабаттуулугун жогорулатуу максатында "Салык – мамлекеттин өнүгүшүнө салым" аталышындагы сынак жарыялады.

Маалыматка ылайык, сынакка 10-класстын окуучулары жана студенттер катыша алат.

Аталган сынакка катышуу үчүн 10-класстын окуучулары “Салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?” деген темада эссе, студенттер “Өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгү” темасында видеоролик даярдашы шарт.

Белгилей кетсек, сынак 10-класстын окуучулары жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Президентке караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ош мамлекеттик университетинин, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин арасында өткөрүлөт.

Бардык материалдар 27-майга чейин salykkyzmaty@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Мындан сырткары студенттердин видеороликтери ЖОЖдордун расмий баракчаларына #salykstudent2024 (#салыкстудент2024) хэштеги менен жарыяланышы керек.

Билим берүү министрлиги белгилегендей, байге фондунан жеңүүчү окуучуларга 4 смартфон, жеңүүчү студенттерге 4 iPhone жана ноутбук берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан