Москвада 8 тажикстандык футболчу кармалды

Москва шаарында сүйүүчүлөр лигасында ойногон "Хоса" клубунун сегиз футболчусу беттештен кийин мушташып кеткендиктен кармалды. Бул тууралуу Baza Тelegram каналы билдирди.

Маалым болгондой, "ЮЗАО" менен "Хоса" командаларынын ортосунда жаңжал 28-апрелде «Труд» стадионунда оюндан кийин чыккан. Жабырлануучулардын айтымында, сүйлөшүү учурунда "Хоса" оюнчуларынын бири атаандашын четке алып чыгып, анда кийин бетке чаап жиберген. Мындан улам массалык мушташ чыккан.

Күбөлөрдүн айтымында, мушташка футбол клубуна кирбеген жигит да катышкан. Мушташтан кийин жабырлануучулардын биринин кашы жарылып, башы көгөрүп ооруканага кайрылган.

Укук коргоо органдары мушташка катышкан "Хоса" командасынын 8 футболчусун кармаган. Кармалгандардын баары Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Аларга карата “майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Бул иш боюнча материалдар Тергөө комитетине жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоо дагы сунушталды.

Ошондой эле кармалган эки жаранга миграциялык каттоонун шарттарын бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлгөн.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан