Бүгүн, 2-майда Караколдо 4 миң окуучу "Манас" айтты. Алар аянтта Каракол деген жазуунун жана калпактын элесин чагылдырып отурушкан. Шаардык мэрия иш-чара "Урааным Манас" аталышындагы "Манас" айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында өткөнүн билдиришти.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы өлкө боюнча кароо-сынакка 100 миңдей окуучу катышкан болсо, быйылкы жылы 500 миңден ашык окуучу катышууда.
Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз улуттук "Манас" театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Кароо-сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.