Жапаров Ташкентте Шавкат Мирзийоев менен жолукту. Талкууланган маселелер

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жогорулатуу, тагыраагы, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.
Ошондой эле энергетика, транспорт, логистика тармактарында, маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу маселелери сүйлөшүлдү.

"Өзгөчө Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү трансконтиненталдык мааниге ээ Чыгыш менен Батышты бириктире турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, ошондой эле “Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу дагы бир перспективдүү долбоор катары Чаткал дарыясына эки ГЭСтин курулушу боюнча сүйлөшүү орун алды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жолугушуу Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун алкагында өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан