Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан курулган спорт зал ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объект Нарын облусунун Таш-Башат айылында курулган, ал эми курулуш иши 2015-жылы башталып, бүгүн, 2-майда ишке берилди.
Белгилей кетсек, спорт залдын курулушуна жалпы 28 миллион 558 миң 100 сом каралган.