Эмгек министрлиги: "Эки жылда 18 миңге чукул адам социалдык заказ аркылуу кызмат алышты"

Эки жылда 18 миңге жакын адам мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кызмат алышты. Бул маалыматты Эмгек министрлиги жарыялады.

Министрлик жыл сайын жарандарга мамлекеттик социалдык заказ аркылуу кошумча социалдык кызматтарды көрсөтөт.

"Мамлекеттик социалдык заказ коомдук пайдалуу долбоорлор аркылуу майыптыгы бар чоңдорго жана балдарга, улгайган жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга, жумушсуз жаштарга жана башкаларга жардам берүүчү өкмөттүк эмес уюмдарга конкурстук негизде каржылоону алууга мүмкүндүк берет.

Жыл сайын республикалык бюджетте кризистик борборлорду колдоого, жумуш орундарын түзүүгө, социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө, жеке ассистенттерди окутууга, салттуу кол өнөрчүлүктү колдоого ж.б.у.с. 48,7 миллион сомго чейин каралат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан