Сузактагы кырсык: Hyundai Porter'дин айдоочусу бекер балмуздак таратмак

Бүгүн, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 29 бала жабыр тартканы маалымдалган. Окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берип, иш-чарага райондун аймагынан 3000 окуучу катышып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Сузак районунун Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучулардын арасында "Манас" айтуу аземи болуп жаткан учурда болгон.

Анда Жерге-Тал айылынын тургуну Hyundai Porter автоунаасын өчүрбөй токтотуп, унаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан портер жылып кетип “Манас” айтып жаткан окуучуларды сүзүп кеткен. Аталган факты Сузак РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

"Текшерүү учурунда Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу көрсөтмөсүндө, аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо-сынакка катышып жаткан балдарга бекер балмуздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын айткан. Ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсы жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн автоунаасын токтотуп, андан түшүп телефон чалып жаткан учурда унаа ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калып, өзү артынан кууп токтоткону жетишпей калгандыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле текшерүү учурунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясы жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда "Урааным Манас" кароо-сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, ал жерде райондун аймагынан 3000 окуучу катышып жаткандыгы такталган.

Азыркы учурда окуядан улам жалпы 31 окуучу райондун аймагындагы ооруканаларга кайрылган. Анын ичинен 18 окуучу ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан 4 окуучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, оор абалда деп эсептелүүдө. Ал эми калган 13 окуучу амбулатордук түрдө медициналык жардам алып чыгып кетишкен.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон атуулдар суралып, тийиштүү ыкчам тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан