ИИМ Сузактагы окуя боюнча билдирүү таратты

Сузактагы окуядан кийин Портердин айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочунун кыймыл-аракетинин мыйзамдуулугу каралат.

ИИМ жетекчилиги Сузактагы окуя боюнча жеринен көзөмөлдөө үчүн кеткени маалымдалды.

Бүгүн, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 29 бала жабыр тартканы маалымдалган. Жалал-Абад ОИИБи окуя Сузактын Катмы жайлоосунда болгонун, ага 3 миң окуучу катышканын билдирген. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан кийин 31 окуучу райондун аймагындагы ооруканаларга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-03 05:38:00
Өзү бизде Кыргызда эскилиги жеткен унааларды Мамлекеттик Авто Инспекция жылдык кароодон текшерип өткөрүшпөйт, эптеп төрт дөңгөлөгү айланса болду, техникаларды иреттеп тартипке салган адам жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан