Сузактагы кырсыктан жабыркагандардын саны 32ге жетти

Сузак районундагы окуядан жабыр тарткандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 бейтап Сузак аймактык ооруканасына жаткырылды, 4 жабырлануучу Октябрь ооруканасында калтырылды, 10 бейтап Жалал-Абад балдар ооруканасына которулду. Калган жабыркагандар амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Дары-дармектер жетиштүү. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу.

Кырсык болгон жерде үч "Тез жардам" бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүштү. Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 "Тез жардам" бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлери тартылды.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Бишкектен жана Ош шаарынан санавиация аркылуу керектүү адистер жөнөтүлдү, керектүү болгон дары-дармектер да кошумча жөнөтүлдү. Ошондой эле министр өзү да жерине жөнөп кетти.

Ош облустук балдар ооруканасында адистештирилген медициналык бригадалар жана резервдик керебеттер даярдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан