Ошко Москвадан Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди

Бүгүн, 4-майда Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, аны таңга маал Орусия президентинин ишенимдүү адамы, актёр Михаил Мамаев жана "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирди.

"Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылат. Андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилмекчи.
Бул иш-чара быйыл Ошто экинчи жолу өтүп жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан