Оштогу Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен наристенин сөөгү табылды

Ош облусундагы Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен үч жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, ӨКМге Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясына жаш бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган.

"Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э. аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан