Өлкөдө канча соода борбору бар экени белгилүү болду

Улуттук статистика комитетинин быйылкы жылдын биринчи кварталына берген маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 88 соода борбору иштейт.
Маалымдалгандай, бул соода борборлорунда жалпысынан 7 миң 994 соода жайы бар.
Алардын жарымынан көбү Бишкекте (42) экени айтылды. Ош менен Жалал-Абад облустарында 11ден соода борбору бар. Таласта эки гана соода үйү бар экени айтылды.
Акыркы жылдары өлкөдө соода-көңүл ачуучу борборлордун саны өсүүдө. Мисалы, 2023-жылы алардын саны 72ден (биринчи кварталда) 82ге (төртүнчү) көбөйгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан