Мамлекет башчы Сузактагы окуядан жабыркаган балдардан кабар алды

Бүгүн, 4-майда мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык оруканасына барып Сузактагы манас айтуу иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардан кабар алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Эске салсак, бир күн мурун аталган окуядан жабыркаган 10 бала атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылган.
"Өлкө башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен сүйлөштү. Анда Садыр Жапаров болгон окуяны терең өкүнүү менен кабыл алганын айтып, массалык иш-чарадагы коопсуздукка кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө .
Мындан тышкары балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну жана зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырганы кошумчаланды.
2-май күнү Сузак районундагы Катма жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Портер унаасы жылып кетип сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркап, бешөөнүн абалы оор экени айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан