Газа тилкесинде толук масштабдуу ачарчылык башталды

Газада жети айга созулган кагылышуудан кийин толук масштабдуу ачарчылык башталды. Бул тууралуу МИР24 телеканалы кабарлады.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Синди Маккейн анклавдын түндүк бөлүгүнүн тургундары ачарчылык көйгөйүнө ансыз да туш болуп жатканын белгиледи. Азыр түштүктө кырдаал тездик менен начарлап баратат.

Маккейн кошумчалагандай, масштабдуу ачарчылык согуштук аракеттер күчөгөн сайын сөзсүз башталат.

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен БУУнун биргелешкен баяндамасында Газа тилкесинин тургундарынын жарымынан көбү ачарчылыктын босогосунда турганы айтылган. Палестина-Израиль кагылышуусу күчөгөндөн бери бир миллиондон ашык адам үй-жайынан ажырады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан