Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев сел жүргөн аймактарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жеринде жетекчиликке алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкүлчүлүктөн билдирди.

Маалымдалгандай, учурда тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.

Күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн.

Суу ташкыны 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулуп, 4 бодо мал селге аккан. Түнү бою жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеди.

Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келбегени, учурда айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү жана каттамды камсыз кылуу иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан