Бүгүн, 6-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 770 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматында айтылат.
"Суунун агып келиши секундасына 352 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 197 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.