Атайын кызматтын өкүлдөрү Бишкектеги түнкү клубду жабышты (видео)

Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкектеги түнкү клубдардын бирин жабышты. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, 4-майга караган түнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордогу жабык түнкү клубда ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзгөн.

Анын алкагында түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылып алынды.

"Клубга келгендер республиканын жогорку окуу жайларында окутуучу- ыктыярчы болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.

Баңгизат колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Жеткирилгендер синтетикалык баңгизатын колдонушканын ачык айтышты", - деп жазылат маалыматта.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилди. Алынган заттар Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлгөн.

Учурда түнкү клубдун иштөөсү токтотулуп, ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан