Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 6-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү кошумчаланды.