НАТО Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга "кызыл сызыктарды" белгиледи

НАТО өлкөлөрү Орусияга карата эки “кызыл сызык” түзүштү, алардын кесилиши альянстын Украинадагы согушка аралашуусуна алып келиши мүмкүн.

Италиянын La Repubblica гезити булактарына таянып жазгандай, биринчи "кызыл сызык" үчүнчү өлкөнүн түз же кыйыр кийлигишүүсү, мисалы, Беларустун согушка түздөн-түз катышуу мүмкүндүгү. НАТО орус аскерлери Украинанын түндүк-батышына бурулуш жасап, Киев менен Беларустун ортосунда коридор түзө алат деп кооптонууда.

Экинчи “кызыл сызык” Польшага, Балтика өлкөлөрүнө каршы аскердик провокация же Молдовага кол салуу.

НАТОнун аскерлерин Украинага жөнөтүү пландары жаңжалга үчүнчү тараптар аралашкан учурда акыркы чара катары талкууланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон The Economist басылмасына берген маегинде Орусия Украинаны "жеңбеши керек" деп айткан. Ал Батыш аскерлерин жөнөтүү маселеси азырынча көтөрүлө электигин, бирок "эгер орустар фронтту бузуп өтсө" жана Киевден тиешелүү өтүнүч болсо, бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

"Аскер жиберүүнү четке кагуу жаңылыштык болот", - деген Макрон НАТО өлкөлөрү алгач Украинага танктарды жана учактарды берүүдөн баш тартканын, бирок кийинчерээк өз оюн өзгөрткөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан