Израиль атактуу "Аль-Жазира" каналын жабууну чечти

Израил өкмөтү Катардын "Аль-Жазира" телеканалынын өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотууну бир добуштан колдоду. Тиешелүү буйрукка байланыш министри Шломо Карай кол койду.

Телеканал бул кабарга интернет сайтында жооп берип, Израиль өкмөтүнүн билдирүүсүндө бөгөт коюу чечими качан күчүнө кирери такталбаганын белгиледи.

Министрлер кабинетинде добуш берүү Израилдин парламенти Газа тилкесиндеги кандуу согуштук кампания учурунда улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган чет элдик телерадиокомпанияларды убактылуу жабууга уруксат берген мыйзамды кабыл алгандан кийин болду.

"Мен жетектеген өкмөт бир добуштан чечим кабыл алды: Аль-Жазира Израилде жабылат", - деп билдирди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху X платформасында.

Израиль "Аль-Жазираны" бир жактуу жана ХАМАС менен кызматташкан деп айыптоодо. Канал Газада калган бир нече эл аралык маалымат каражаттарынын бири. Анда Израилдин аба соккулары жана жарадарларга толуп кеткен ооруканалардагы кандуу көрүнүштөр көрсөтүлөт.

Бирок жабылуу чечиминин чоо-жайы, анын ичинде убактысы жана каналдын жабылышы убактылуу же биротоло болору белгисиз бойдон калууда.

Бул чечим Израилдин "Аль-Жазира" менен көптөн берки тирешүүсүн тереңдетип, аталган медианы каржылаган Катар менен тирешүүнү күчөтүшү мүмкүн. Каналдын жабылышы Доханын Газадагы согушту токтотуу боюнча интенсивдүү арачылык аракеттеринин учуруна туш келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан