Индияда оппозиция өкүлдөрү фейк видео таратууга айыпталып кармалууда

Индияда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда башкаруучу партиянын жогорку даражалуу чиновниктери тартылган жасалма видеолордун тарашы полициянын иликтөөлөрүн жана оппозициялык Индиянын Улуттук Конгрессинин мүчөлөрүн камакка алууну шарттады.

Премьер-министр Нарендра Моди муну "коомдогу чыңалууну жаратуучу кутум" деп атап, лидерлердин билдирүүлөрүн тууроо үчүн жасалма үн коштолгонун билдирди. Анда ички иштер министри Амит Шах жана премьер-министрдин дагы бир улук жардамчысы тартылган манипуляциялык видеолор жасалган.

Амит Шах жана Нарендра Моди

Полиция кеминде тогуз кишини, анын ичинде Конгресстин улуттук социалдык медиа координатору Арун Редди фейк видеолорду тараткандыгы үчүн камакка алды. Камоолор оппозициянын тарапкерлеринин нааразычылыгын жаратты.

Конгресс кырдаал боюнча азырынча комментарий бере элек. Моди аларды шайлоочуларды адаштыруу үчүн фейк жаңылыктарды түздү деп айыптады. Эки тарап тең бири-бирин саясий жүйө менен өтүп жаткан шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн айыптоодо. Индия парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо 19-апрелде башталган. Добуш берүү жети этапта өтүп, 1-июнда аяктайт, анын жыйынтыгы 4-июнда жарыяланат.

Индиядагы шайлоо күрөшү күчөгөн сайын, атаандаш партиялар жекелештирилген үгүт материалдарын жана манипуляциялык мазмунду түзүү үчүн жасалма интеллект куралдарын, анын ичинде генеративдик интеллектти биринчи жолу масштабдуу колдонуп жатышат.

Буга чейин өнөктүк кызуу маалында Болливуд жылдызы Аамир Хандын оппозицияга добуш берүүгө чакырган фейк видеосу пайда болгон. Актёр өзү видеонун аныктыгын четке какты.

Deepfake тармагындагы эксперттердин айтымында, жүздөгөн саясатчылар шайлоо алдында манипуляциялык мазмун түзүү үчүн аларга кайрылышат. Жасалма интеллекттин пропаганда жана фейк жаңылыктарды чыгаруу үчүн кеңири колдонулушу саясий күрөштү бир топ күчөтөт. Эксперттер жаңы технологияларды колдонуу менен түзүлгөн мындай материалдар жалган маалымат таратуу, шайлоочуларды алдоо үчүн активдүү колдонулат деп кооптонушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан