Рио-де-Жанейродо Мадоннанын концертине 1 миллион 600 миң адам келди

Ырчы Мадонна өзүнүн Celebration турнесин Рио-де-Жанейродогу Копакабана жээгиндеги бекер концерт менен аяктады. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 65 жаштагы ырчынын 4-майдагы концертине 1 миллион 600 миң адам келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, көптөгөн көрүүчүлөр жакшы орун алуу үчүн бир нече саат, атүгүл бир нече күн калганда келишкен. Башкалар Мадоннанын өнөрүн кайыктардан жана яхталардан, ошондой эле жээктин боюндагы батирлерден жана мейманканалардын бөлмөлөрүнөн көрүштү. Рио-де-Жанейро бийлиги шоу шаардын экономикасына болжол менен 59 миллион доллар алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Концертке чейин эле Мадоннанын расмий сайты Копакабана жээгиндеги шоуну ырчынын карьерасындагы эң чоң шоу деп атаган.

Ырчынын буга чейинки эң чоң концерти 1987-жылы Парижде өтүп, ага 130 миңдей адам келген.

Мадоннанын концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан