Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Жакынкы Чыгыштагы жаңжал боюнча Бээжиндин тынчсыздануусун билдирди. Анын пикиринде, аны көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү менен чечсе болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Палестина-Израиль чатагы бизди тынчсыздандырган маселе. Негизги чечим - көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү", - деген Си Цзиньпин.
Анын пикиринде, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн өлкөлөр кызматташууну күчөтүшү керек.